КР президенти Садыр Жапаров БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы директору Одри Азуле менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сз кызматы билдирет.

Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алышты.

Мамлекет башчысы ЮНЕСКО менен кызматташкан жылдар аралыгында Кыргызстан чоң тажрыйбага ээ болуп, билим берүү, илим жана маданият жаатында зарыл болгон эксперттик дараметин өстүргөндүгүн айтып өттү.

Ал тоолуу өлкөлөрдүн климатынын өзгөрүүсү, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү жана Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн абалы жөнүндө билимди жогорулатуу үчүн жаңы институттарды жана багыттарды түзүү боюнча маселелерде кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу маселелери боюнча ЮНЕСКО менен улуттук жана эл аралык деңгээлде кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун «Дүйнө мурасы» программасынын ишмердүүлүгү кайра жанданганына канааттангандыгын билдирип, анын алкагында Кыргызстан 2021-жылдын 30-ноябрында манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунун кол жазмасын киргизүү сунушун бергенине токтолуп, Кыргыз Республикасы маданияттар аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошууга умтулуп жатканын кошумчалады.

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташтыкты уюштурууга жана тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Одри Азуле Садыр Жапаровду келерки жылы Кыргызстан активдүү мүчөсү болгон уюмдун Аткаруу кеңешинин кезектеги сессиясына ЮНЕСКОнун штаб-квартирасына келип кетүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан тарыхый жерлерге бай экенин жана билим берүү тармагында ЮНЕСКО менен кызматташууга кызыкдар экенин айтып, чакырууну кабыл алды.