КР Билим берүү жана илим министрлиги алгачкы жолу БУУнун деңгээлинде “Дени сак планета, дени сак мектептер, дени сак муун: Планетардык ден соолук түшүнүгүнүн негизинде билим берүүнү трансформациялоо” темасында атайын кошумча иш-чара өткөрдү.

Иш-чарада билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев планетанын ден соолугун билим берүү системасына интеграциялоо демилгесин көтөрүп, демилге катышуучулар тарабынан колдоо тапты. Ал планетанын ден соолугу менен адам ден соолугунун ортосундагы байланыш жана анын маанилүүлүгү тууралуу кеп кылды.

“Биз планетанын нугуна тоскоолдук жаратып, анын ден соолугуна зыян келтирген болсок, ал кайтып биздин ден соолугубузга сокку урат”, — деди министр коомчулукка кайрылуусунда.

Министр акыркы учурдагы кырсык, оорулардын баары адамдардагы планетанын ден соолугу тууралуу маалымат-билимдин жоктугунан, илимий чөйрө, саясий коом жана жөнөкөй жарандар арасында бул жааттагы биргелешкен иш-аракеттердин болбогондугунан келип чыкканын белгиледи.

“Өтө тездик менен өнүгүп жаткан дүйнө айлана-чөйрөгө канчалык деңгээлде зыянын тийгизип жатканы тууралуу ойлонбой калды. Биз биргеликте илимий, саясий жана жарандык коомдун адамдарын чогултуп, өсүп келе жаткан муунга планетанын ден соолугунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүүбүз керек. Ал эми муну ишке ашыруу үчүн бизде бир гана күчтүү курал бар. Ал — билим берүү”, — деди министр.

Бейшеналиев “COVID-19” пандемиясынын да келип чыгуусу адамдар тарабынан табиятка аёосуз жасалган мамиленин натыйжасы катары аныкталганын баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министри акыркы убактарда окумуштуулардын изилдөөсү боюнча суудан, абадан, топурактан, жада калса балыктан чыккан желимдин адам канынан да табылып жатканын айтып тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргыз элинде табият эненин көөдөнү, эненин курсагы менен салыштырылат. Эгерде энеси дени сак болбосо, бала кантип дени сак төрөлөт? Табияттын өзгөрүүсү эң алгач жарандардын ден соолугуна таасир этет. Айлана-чөйрөнүн кыйроосун токтотуу боюнча аракеттер өнүккөн өлкөлөр тарабынан натыйжалуурак колдоого алынат. Анткени, алар бул жаатта тажрыйбага алгачкылардан болуп ээ болушат. Биз бул коркунучтарды азыр чечим кабыл алуу менен алдын алып, келечекте болтурбоого кепил боло алабыз жана муну планетанын ден соолугу тууралуу билим аркылуу жасай алабыз. Ушундан улам биз КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Планетардык ден соолук альянсы катары, планетанын ден соолугу тууралуу билим берүү жаатында министрликтин демилгесин пландаштырып жатабыз. Айткыбыз келгени: Эгерде биз дени сак келечекти, дени сак келечек муундарды жана дени сак адамзатын максат кылып жатсак, анда дени сак планетаны артыкчылык катары коюшубуз керек. Бул максатка бир гана билим берүү аркылуу жете алабыз”, — деген пикирин билдирди Бейшеналиев.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен КР Билим берүү жана илим министрлиги менен планетардык ден-соолук боюнча Альянстын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.