Кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк Куран окуу жарышында 1-орунду ээледи

Кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк Куран окуу жарышында жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы  билдирет.

Маалыматка караганда, жарыш Сауд Аравиянын Мекке шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун элесине арналып уюштурулган.

Жарышта биринчи орунду алган кыргызстандыкка 250 миң риал берилген, бул 5 млн 500 миң сомду түзөт.

Мухаммадали Умаров ыйык Куран китебинин 600 барагын жатка айткан.