Бир күн мурун, 21-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Next TV компаниясынын директору Таалайбек Дүйшембиевге карата өкүм чыгарды. Сот аны  күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратууну айтты.

Эми ага карата 3 жылга пробациялык көзөмөл колдонулат, ошол эле учурда баш коргоо чарасы эркинен ажыратуудан башка жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү көрсөтмөгө өзгөртүлгөн.

Өз кезегинде жактоочу Нурбек Сыдыков  жана ал соттун бул чечимине каршы чыгуу боюнча чечимге келе электигин белгиледи.

Ошентип, Таалайбек Дүйшембиев эмнеге жазаланып жатканын карайлы. Ал Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында маалыматтык таасир берүүчү адистер тарабынан даярдалган чет элдик фейк жаңылыктарды таратканы үчүн жапа чеккени белгилүү болду.

Негизги “фейк жаңылыктардын булагы”  болгон Арман Кажагелдин  учурда тынч эле АКШда жашайт, бирок анын кесепетинен Т.Дүйшембиев жабыр тартууда.

Андыктан кандай гана маалымат болбосун, анын автору ким экендигине карабастан, фейк жаңылыктарды таратуу кылмыш болуп саналат деген тыянак чыгаруу керек. Ошондуктан социалдык тармактардагы аудитория менен маалымат бөлүшүүдөн мурун, аны кылдаттык менен текшерип, кийинчерээк түрмөгө түшүп калбаш үчүн бардык жакшы жана жаман жактарын таразалап алуу шарт.

Анын үстүнө объективдүү жана текшерилген маалыматты чагылдырууга чакырык таштаган журналисттер эки элдин ортосунда чыр-чатакка үндөбөй, сөз эркиндигине кысым болуп жатканын  бетине кармабаш керек. Бул бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана алардын чет өлкөлөрдө жашаган ээлери тарабынан ыргытылган маалыматтардын баарын катары менен кайталап, чыгара бергендерге келечек үчүн сабак болушу керек.

Эске салсак, буга чейин УКМК телеканалга “Улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик Улуттук коопсуздук  комитеттин маалыматына ылайык, Next TV социалдык тармактарында Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берүү менен “Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстандын Орусияга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимге жетишилгени тууралуу ишенимсиз маалымат жарыяланган эле.