Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, 2022-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жана парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун иши, фонддун алкагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери көтөрүлдү. Министрлер кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, ошондой эле Ишкерлер кеңешинин алкагындагы биргелешкен иштерди талкуулашты.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылдын август айында уюштурулган Венгриянын Кыргызстандагы маданият күндөрүн жана Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрүн жогору баалашып, маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Билим берүү тармагындагы кызматташууну мындан ары чыңдоо маселелерине токтолгон Кулубаев кыргыз жаштарынын Stipendium Hungaricum билим берүү программасына кызыгуусу артканын баса белгилеп, бул багытта Кыргызстанга берилген квоталар үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Ж.Кулубаев ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү боюнча позициясын баса белгиледи.

Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы чек ара аймактарындагы кырдаалдын курчушу боюнча өкүнүчүн билдирип, Венгрия өкмөтүнүн Кыргызстандын Баткен облусунун жабыр тарткан калкына гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.