Жума күнү өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +26…+31,
Таласта +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +20…+25,
Нарын жеринде +22…+27 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +31…+33 градус болот.