Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдеги 1-орунду сактап калды. Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугундагы жыйынтык менен жаңы рейтинг түзүлгөн.

Сербияда өткөн чемпионаттын жыйынтыгы менен А.Тыныбекова 5-орунду ээлеп, 25000 упай топтогон. Аны упайларынын жалпы саны 119400 болду. Муну мнен көрүнүктүү айырма мнен дүйнөлүк рейтингдин баш сабында турат.

Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 3 орунду ээлеген балбандар акчалай сыйлык менен сыйланат. 2021-жылы 1-2-3-орунга чыккан балбандарга 10000-7000 жана 3000 доллар акчалай байге тапшырылган болчу.

Дүйнөлүк рейтинг (62 кг чейин):

  1. Айсулуу Тыныбекова — 119400
  2. Кайла Миракл (АКШ) — 88200
  3. Нонока Озаки (Япония) — 86000
  4. Илона Прокопевнюк (Украина) — 68900
  5. Лаис Нунес (Бразилия) — 66600
  6. Анна Паула Гонзалез (Канада) — 56640
  7. Тайбе Мустафа (Болгария) — 52300
  8. Юкако Каваи (Япония) — 51000
  9. Ирина Коляденко (Украина) — 42200
  10. Гантуя Энкхбат (Моңголия) — 36200.