Баткен жергесине тажик тараптын баскынчылык менен кол салышы элибиздин кабыргасын кайыштырды. Өздөрү кылган кыянаттыкты тажиктер бизге оодарып, «тажиктерге биринчи ок аткан кыргыздар болду» деп эл аралык коомчулукка жаманатты кылып көрсөтүүгө аракет жасашты. Алардын чагымчыл аракеттеринен майнап чыккан жок. Кыргыздар катылгандын катыгын берген намыскөй калк экендигин кыйын мезгилде тастыктадык. Куралдуу апаат менен катар маалыматтык согушта жапырт кыл чайнаштык. 

«Бир карын майды бир кумалак чиритет» дейт. Бул учурду бийликке оппонент болуп жүргөн айрым адамдар пайдаланып калууга далбасташты. Илгиз Шаменов, Аскат Осмонов сыяктуу өздөрүн пиар кылуу менен гана алектенип, саясатта суу кечпеген ар кыл «шоулары» менен таанылган жигиттер соцтармактарда табалап жазышты. Булардын Баткенге барып, акыбалды жеринде көрмөк тургай, таба кылып турганы кыргыз элине гана эмес, Кудайга дагы жакпайт. Баскынчылар менен салгылашууда кырчындай эр азаматтарыбыз Мекенди коргоп, мерт кетишти. Дүйнө эли кооптуу кырдаалдагы  өлкөбүзгө көзүнүн кыйыгын салууда. Мындай учурда баарыбыз бир муштумга биригип, ынтымакта болушубуз шарт. Бийликке иштегенге мүмкүнчүлүк берүү керек. Бири –бирибизди буттан тартып, жамандап, сындап отурсак, алдыга жылышыбыз күмөн. Андыктан, ички биримдикти сактап, ынтымагыбызды бекемдейли. Беш манжа бөлөк, билек бир, беш адам бөлөк, тилек бир деген сөз бекеринен айтылган эмес. Биримдикте болсок, кыргыз элин эч ким жеңе албайт.