2022-жылдын 23-сентябры саат 10:00гө карата алынган маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке КР жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан 257 млн 966 миң 462,80 сом түштү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.