Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары менен жолугуп, анын соттук иши боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.

Журналист мамлекет башчыга БУУда сүйлөгөн сөзүнөн кийин Атамбаевдин тарапташтары да аны колдогонун айтып, «саясий иш дегендерди жаап салып, түрмөдө жаткан Атамбаевди бошотуп салсаңыз болобу?» деген суроо узаткан.

«Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр Атамбаевди чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам «ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюңузчу, суранып жатышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коёлу» деп Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. «Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум» деп түшүндүрдүм», — деген Жапаров.

Ал соттор ишин так аткарып жатканын белгилеп, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актаганын эске салды.

«Эмнеге муну көрбөйсүңөр… Соттоп жиберсе «саясий негизде соттоп жиберди» деп чыкмаксыңар. Актаганда бирөө да «адилет чечим болду» деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери «Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле» деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп сотко жиберди. Чекитти сот койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алып, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты», — деген президент.

Ал мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлаш керектигин кошумчалаган.