Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үйлөрүн таштап кеткен 13 миң 757 жаран туруктуу жашаган жерине кайтып келүүдө. Бул тууралуу  өткөн маалымат жыйынында министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, куралдуу жаңжал учурунда облус аймагынан жалпы 136 миң 770 адам эвакуация болгон. Анын ичинен 113 миң 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө эвакуацияланган, 4 миң 671и атайын эвакуациялоо пункттарына жайгаштырылса, 4 миң 539 жаран башка аймактарга чыгып кеткен.

Эске салсак, 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Кыргызстандын Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салуу менен куралдуу агрессиясын көрсөткөн.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун натыйжасында КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 59 адам мерт кеткен, алардын көбүн аскерлер түзөт, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, ошондой эле турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланып, зыянга учураган.