Бүгүн борбор калаада Кыргызстан менен Орусиянын курама командаларынын жолдоштук беттеши өтөт.Бишкек ШИИБ коопсуздук чараларын күчөтүп, Кыргызстан менен Орусиянын курама командаларынын футболдук беттешинин алдында чагымчыл же бейбаштык аракеттери үчүн жоопкерчиликти эскертти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз бардык катышуучуларды, күйөрмандарды жана колдоочуларды футболдук беттеш учурунда тартипти сактоого чакырабыз», — деп эскертти милиция. –Улуттар аралык кастыкты козутуу аракети же ар кандай чагымчыл аракеттер, ошондой эле бейбаштык орун алган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Эгерде жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн болсо, ошондой эле шектүү предметтерди жана буюмдарды тапкан учурда сиз жакын жердеги милиция кызматкерине же 102 кызматына кайрылууңуз керек», — деп айтылат малыматта.

Эске салсак, бүгүн кечинде Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы спартак стадионунда футбол боюнча Кыргызстан менен Орусиянын курама командаларынын жолдоштук беттеши болот.