Баткен облусунун аймагында 23нөн 24-сентябрга караган түн тынч өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, жалпысынан алганда кырдаал салыштырмалуу туруктуу. «Эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иш тобу чек арада кырдаалды турукташтыруу максатында өз ишин улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.