Тажик ЖМКлары үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрдагы тажик тараптын Кыргыз Республикасына кол салуусу тууралуу туура эмес маалыматтырады таратууда.

Тажик журналисттери Кыргыз ЖМКлары тараткан расмий маалыматтарды “Кыргыз Республикасы” деген жерин көчүрүп, ордуна “Тажикстан” деп жазышууда.

Тактоо иретинде Тажикстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын тараткан маалыматына назар салсак:

“2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Тажикстан Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн бузуу жана өлкөнүн аймагын басып алуу максатында ар кандай маркадагы аскердик техниканы жана ок атуучу куралдарды, анын ичинде учкучсуз учактарды колдонушкан. Тажикстан Республикасынын чек ара кошуундарынын чек ара заставалары жана калктуу конуштар Исфара, Канибадам, Бабаджон Гафуров, Жаббор Расулов жана Лахш шаарларында жана райондорунда куралдуу кол салышты.

Алдын ала тергөөдө аныкталгандай, Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасынын аймагын басып алуу максатында агрессивдүү согушту алдын ала пландаштырып, чек арага жакын аймактарда көп сандагы кургактык жана абадан аскердик техникаларды жана аскер кызматкерлерин жайгаштырган. 140 000ден ашуун жергиликтүү чек ара тургундарын алдын ала коопсуз аймакка көчүрүштү.  Тажикстандын 4 шаарын жана районун дароо куралдуу чабуулга өтүштү, адам укуктарынын эл аралык стандарттарын атайылап бузуп, жарандык аймактар жабыркап билим берүү мекемелери, мечиттер, ооруканалар, тез жардам машиналары, аялдар, балдар өлүмгө дуушар болушту”, — деп берүүдө.

Ал эми ушул эле маалыматты Тажик тарап буга чейинки келишимди бузуп Кыргыз Республикасынын аймагына кол салганда, Кыргыз ЖМКлары жазышкан.

“Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды”, — деп бир күн мурда беришкен.

Өз кезегинде Америкалык НАСА космостук агенттиги спутниктен  алынган маалыматтар боюнча Тажик тарап кол салганын далилдеген маалыматтарды берди.

Эл аралык коомчулук бул кагылышта Тажик тарап күнөөлүү экенин алдын ала, жай тургундарды эвакуациялап, элди чыгарып, атайын даярдыктан өткөн талаа командири Шохтун башкаруусу астында согуш болгнун видео тасамалар менен далилдеп соц.тармактарга чыгарышты.

Тажикстандагы ЖМКлар толугу менен Кыргызстан жазган маалыматтарды үтүр, чекитине чейин коюп, айылдардын, шаарлардын атын гана өзгөртүп жазып жатышты. А түгүл, дагы бир Тажикстан берген маалыматта  Кыргызстандагы тажик тарабынан талкаланган айылдын атын өзгөрүүнү унутуп коюшканы маалым болгон.