Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында  Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси ишмердүүлүгүн улантууда.

Жогоруда аталган Жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшүндө «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүндө теориялык сынакты тапшырууда курсанттар тарабынан аудио-видео техниканы колдонуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттердин 2 фактысы аныкталды.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы