УКМКнын төрагасы, чек ара Кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиев  14-17-сентябрда “Кыргызстандын чек арасын ар кошкон адамдар басып киргенин, оталардын арасында мүмкүн боевиктер да болгонун” билдиргенин айрымдар бурмалап, аны тажиктерди актоо катары көрсөтүүгө аракет  кылып  жаткандары өкүндүрөт.

Ал андай сөздөрү менен тажиктерди актаган жок, алардын тийиштүү  кызматтарынын  чек аралардагы кырдаалга ээ боло албай калганын айтып, тескерисинче катуу күнөөлөп да  жатат. Анткени, күч кызматкерлери үчүн кылмышкерлерди ооздуктоого акыбалдары жетпей калганын айткандан оор айыптоо жок. Айрым сүрөттөрдөгү  оогандыктарча кийингендердин автоматчан жүргөнү  аны ырастап турса, чек ара кызматынын жетекчиси калп айтышы керек беле!

Мамлекеттик жогорку деңгээлдеги чиновниктер  болгонун жашырбай элге чындыкты гана айтышы керек. Куранда калп айтканды бир гана учурда кудай кечирет, эгерде ал араздашкандарды жараштыруу  үчүн айтылса деген сөз бар. Демек, элдин ынтымагынан бийик да, ыйык да  нерсе жок. Андай сөздөрдү Тажикстандын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери өз күнөөлөрүн жашыруу, алыстатуу, белгилүү деңгээлде Кыргызстандан кечирим суроо  үчүн чыгарып жатышы да мүмкүн. Бирок, ал кандай болбосун эки тарапты  бир позицияга жакындатып, мындан аркы талаш маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүүгө жасалган аракет экени талашсыз. Тажиктер менен биротоло жоолашкандан биз пайда таппайбыз, тескерисинче дагы кагылышуулар чыгып, дагы башкалардын өмүрлөрү кыйылышы мүмкүн. Тажиктер да ага кызыкдар эмес, ким эле өз элине жамандык кааласын. Андан көрө риторикаларды азайтып, делимитация, демаркация боюнча сүйлөшүүлөрдү  баштоо керек. Баткендиктер, жалпы эле Кыргызстандыктар тынч жашасын десек, андан башка жол жок. Болсо айткыла! Перманенттүү тирешүүлөр эртели-кеч жаңы кагылышууларды гана жаратат.Камчыбек Ташиевдин сөздөрүнүн түп маанисин  бурмалабай, ушул өңүттө гана түшүнүү керек.