Бишкекке эвакуацияланган жарандарды Баткенге жеткирүү иштери колго алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында кырдаал турукташкандыгына байланыштуу Бишкек шаарына эвакуацияланган жарандарды өз үйлөрүнө жеткирүү үчүн “Кааба уулу Кожомкул” атындагы спорт ордосунда атайын пункт ачылды.

«Учурда Бишкек шаардык мэриясы жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан атайын унаалар даярдалып, жарандарды жеткирүү иши уюштурулууда.

Жарандарды Баткенге жеткирүү тууралуу маалыматты алуу үчүн, ӨКМдин «112» кызматы кайрылыңыздар», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында коопсуз аймактарга эвакуацияланган Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болорун айткан.