Бишкекте жакында VIP маршруттук таксилер пайда болот. Бул тууралуу ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоор макулдашуу этабында жана жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунушталат.

«Бул долбоор VIP кичи автобустарды ишке киргизүүнү карайт, төлөм болжол менен 40-50 сомду түзөт», — деди ал.