Касым-Жомарт Токаев Түркстан облусунун эли менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө бир адам президенттик кызматты көпкө ээлебеши керектигин баса белгиледи.

“Саясий реформалар “күчтүү Президент – таасирдүү парламент – отчет берүүчү Өкмөт” принцибинин ишке ашырылышына багытталган. Башкача айтканда, биз президенттик республиканы куруп жатабыз. Чынында эле өлкөнү башкарган президент компетенттүү, күчтүү болушу керек. Болбосо, кээ бир өлкөлөрдө болуп өткөндөй, башаламандыкка кирип кетишибиз мүмкүн. Ал эми бул абал элибиз үчүн трагедияга айланып кетиши мүмкүн”, — деди Токаев.