«Кайрылуу өлкөнүн тарыхында принципиалдуу жаңы саясий бурулушту ачкан мындай жаш мамлекет үчүн чыныгы бурулуш, инновациялык идеяларды тартуулайт. Эксперттер бул саясий демилгелер мурда айтылган реалдуу мазмунду ар тараптуу толтурат деп ишендиришет».

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 1-сентябрында өз жарандарына жыл сайын салтка айланган кайрылуусун жасады. Мамлекет башчысы тарабынан айтылган демилгелердин таасирдүү топтому коомду өнүктүрүү жана демократиялаштыруу үчүн мааниси чоң экени талашсыз. Бул жагынан Казакстандын лидери алысты көрө билген стратег жана саясатчы гана эмес, өз жарандарына, алардын тагдырына кайдыгер карабаган президенттин мыкты сапаттарын көрсөтүп турат.

Президент Казакстандын саясий практикасы үчүн чындап эле болуп көрбөгөндөй чечим кабыл алып, бүтүндөй шайлоо графигин коомчулукка жарыялоо менен мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон. Ошентип, ушул жылдын күзүндө республикада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөт.

Мындан тышкары, кийинки жылдын биринчи жарымында Мажилиске жана бардык деңгээлдеги маслихаттарга шайлоолор да өтүп, өлкө жарандардын кеңири катмарынын кызыкчылыктарын коргогон депутаттардын жаңы курамын келет. Эксперттердин пикиринде, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кечиктирилгис жана стратегиялык милдеттерин чечүүгө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет.

Казак саясат таануучуларынын айтымында, бүтүндөй шайлоо циклинин башталышы Казакстандын саясий системасын түп-тамырынан бери кайра түзүү зарылдыгы менен шартталган жана июндагы Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө референдумда көпчүлүк жарандар колдогон конституциялык реформанын логикасына толугу менен шайкеш келет. Дүйнөлүк экономикада өсүп жаткан геостратегиялык чыңалуу жана турбуленттүүлүк, ошондой эле айрым мамлекеттер үчүн гана эмес, бүтүндөй региондор үчүн дагы тобокелдиктерди жана чакырыктарды көбөйтүп жаткан дүйнөлүк процесстердин өнүгүү динамикасынын күтүүсүздүгү пайда болгон олуттуу фактор катары аталууда.

Касым-Жомарт Токаевдин сөзүндө дагы бир маанилүү сунуш айтылды: Президенттин мандатын кайра шайлануу укугусуз 7 жылдык бир мөөнөт менен чектөөнү белгилөө. Мындай саясий жаңылык Казакстандын жакынкы жана алыскы чөйрөсүндө эч кандай прецеденттерге ээ эмес деп белгилешет казакстандык саясат таануучулар. Ал узак мөөнөттүү келечекте өлкөнүн саясий системасын турукташтыруу, эң башкысы бийликти монополиялаштыруу тобокелдиктерин жоюу жана демократиянын негизги принциптерин бекемдөө максатында иштелип чыккан.

Бул жана буга чейинки кабыл алынган чаралар Казакстан бийликтин супер-президенттик моделинен баш тартуунун туура жолунда экенин айгинелеп турат. Дал ушул Токаевдин өлкө башчылыгына келиши менен көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр башталып, аны эл кызуу тосуп алды. Анын демилгелери менен Казакстанда бардык бийлик мындан ары бир адамдын колуна топтолбойт: Мамлекет башчысы партиясыз болушу керек, башкача айтканда, калыс, анын жакындары мамлекеттик структураларда жана мамлекеттик компанияларда кызматтарды ээлей алышпайт. Президенттик ыйгарым укуктар бийликтин башка институттарына берилген.

Токаев кабыл алган “Угуучу мамлекет” концепциясы Казакстанда да иштеп жатат, анын карапайым жарандардын көйгөйлөрүн жана кайрылууларын козгогон кайрылуусу тастыктап турат. Тактап айтканда, президент 1 миллион 800 миң казакстандыктын кирешесине түздөн-түз таасир эте турган минималдуу айлык акыны көтөрүүнү чечти.

Суу маселесине ɵзгɵчɵ көңүл бурулат. Суунун жетишсиздиги өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук болуп жатканы баарына белгилүү. Буга байланыштуу өкмөттүн алдындагы Суу кеңешинин ишин билимдүү адистерди тартуу менен жандандыруу сунушталды. Ошентип, президент суу тармагын өнүктүрүүнүн үч жылдык планын иштеп чыгып, ЖОЖдордо керектүү адистерди даярдоону жана бул жаатта күчтүү университетти аныктоону тапшырды.

Пенсиянын базалык ставкасын ырааттуу жогорулатуунун эсебинен пенсиялык системаны олуттуу кайра жүктөө пландаштырылууда. Ошентип, 2028-жылга чейин аялдар үчүн пенсияга чыгуу курагы 61 жаш деп бекитилет. Бул мурда кабыл алынган чечимдер менен бирге 2025-жылга карата пенсиянын жалпы көлөмүн орточо 27%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Карыларга камкордук көрүү – бул өз жарандарын уккан жетекчинин гана эмес, Казакстанда улууларды сыйлоонун байыркы салттары сакталып келе жатканынын көрсөткүчү.

Өлкө жаңы муунга да кам көрөт: Кайрылуунун өзүнчө пункту – балдар темасы. Буга чейин Касым-Жомарт Токаев 2022-жылды Балдар жылы деп жарыялап, учурдагы сөзүндө ал “Балдар үчүн улуттук фонд” жаңы программасын ишке киргизип, анын алкагында Улуттук фонддун жылдык инвестициялык кирешесинин 50%ын үнɵмдɵп, 18 жашка чейинки балдар үчүн атайын эсепке чегерүүнү сунуштаган. Жашы жеткенде топтолгон суммалар турак жай сатып алууга жана билим алууга жумшалат. Бул баласынын университетте окуусуна акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок ата-энелерге чоң жардам болот.

Мамлекеттин жетекчилигине жоопкерчилик менен мамиле кылган ар бир жакшы саясатчы жаштардын билимине кайдыгер кароого болбостугун – өлкөнүн келечеги андан көз каранды экенин билиши керек. Президент Токаевдин жаңы мектептерди курууну Өкмөттүн жана облус жетекчилеринин артыкчылыктуу милдеттеринин бири деп атап, бул боюнча эң сонун пикирин айтып, Өкмөт мүчөлөрүнүн дүркүрөгөн кол чабууларына ээ болгону таң калыштуу эмес.

«Коррупционерлердин соттук териштирүүсүнүн натыйжасында мамлекеттин карамагына өткөн, мурда мыйзамсыз жол менен алынган бардык каражаттар мектептердин курулушуна жумшалышы керек», — деди Касым-Жомарт Токаев. Бүгүнкү күндө бул демилге социалдык тармактарда казакстандыктар тарабынан кызуу талкууланып, колдоого алынууда.

Өлкөдө жогорку окуу жайларда билим берүү гранттарын ЕНТтин жыйынтыгына жана башка көрсөткүчтөрүнө жараша өлчөмү боюнча дифференцияланган 30дан 100%га чейин бөлүштүрүүнүн, ошондой эле билим берүү үчүн жеңилдетилген жылына 2-3%дык кредиттерди берүүнүн эсебинен жеткиликтүү болот. Көптөгөн эл аралык программалар жана ушундай жагымдуу шарттар менен балким биздин студенттер Казакстандын университеттерине көбүрөөк кызыгышат.

Дагы бир маанилүү критерий – бул улуттун ден-соолугу. Медициналык инфраструктураны комплекстүү жакшыртууга көңүл бурулуп, жакын арада ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу системасы ишке киргизилет. Врачтарды даярдоонун системасы да ырааттуу ɵркүндɵтүлүүдɵ. Мисалы, медициналык университеттерде көп тармактуу университеттик ооруканалар жана клиникалар курулат.

Казакстанга акыркы сапарыбызда мындай өзгөчөлүктү байкадык: өлкө аянты боюнча эң чоң ондуктун катарына кирет, бирок ошол эле учурда көп чакырымга созулган талаа мейкиндигинде бир нече айылды гана кезиктирүүгө болот. Мындай аралыкта ар бир айыл тургунуна жетип, баарына медициналык кызмат көрсөтүүнү камтуу кыйыныраак.

Даректүү социалдык жардамдын бирдиктүү системасын түзүү жарандардын бакубаттуулугунун маанилүү элементи болоорун баса белгилеп, Казакстандын президенти социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучулары үчүн жумушсуздук үчүн төлөмдөр 45%га чейин жогоруларын айтты. Жалпысынан бир нече жылдан бери өлкөдө жумушсуздукка каршы активдүү жана натыйжалуу күрөш жүрүп, жумушсуздарды окутууга, ишке орноштурууга жана өз бизнесин ачууга ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын белгилей кетүү керек. Белгилүү болгондой, мындай чаралар өлкөдө калктын жакырчылыктын чегинен төмөн катмарларынын пайда болушуна жол бербейт.

Бул жерде жаштардын демилгелери жана стартаптары өзгөчө жагымдуу. Буга далил, жаштардын ишкердигин колдоо максатында жакында ишке кирүүчү жылдык 2,5% менен өзүнчө жеңилдетилген микрокредиттик механизм.

Сот процесстерине мамлекеттин катышуусун азайтуу, соттордун көз карандысыздыгын жогорулатуу темасы козголду. Укук коргоо органдарынын судьяларга административдик басымдын бардык инструменттерин кошпогондо, алардын таасирин жоюу принципиалдуу мааниге ээ. Ошол эле учурда одоно мыйзам бузуулар үчүн соттордун өздөрүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Ошону менен бирге К.Токаев БУУнун идеяларын карманууга, адилет сот жана гуманизмге чакырып, «каргашалуу январь» окуяларынын катышуучулары экинчи мүмкүнчүлүккө ээ болушат деген пикирин билдирди. Президент аларга бир жолку мунапыс жарыялоону чечти.

Албетте, мунапыс массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан негизги айыпталуучуларга, ошондой эле мамлекеттик чыккынчылыкка жана бийликти күч менен алмаштыруу аракетине айыпталгандарга тиешеси жок. Бир нече жолу кылмыш жасагандар, террористтик жана экстремисттик кылмыштарды жасаган жана кыйноолорду колдонгон адамдар мунапыска кирбейт. «Мыйзам үстөмдүгү жокко чыгарылган жок» деп баса белгиледи президент.

Кайрылуу өлкөнүн тарыхында принципиалдуу жаңы саясий бурулушту ачкан мындай жаш мамлекет үчүн чыныгы бурулуш, инновациялык идеяларды тартуулайт. Эксперттер бул саясий демилгелер мурда айтылган реалдуу мазмунду ар тараптуу толтурат деп ишендиришет.

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, мамлекеттик курулуштун негизги формуласы – “күчтүү президент – таасирдүү парламент – жоопкерчиликтүү өкмөт”.

Жаңы стандарттар, анын ичинде эң маанилүү саясий чечимдерди кабыл алуудагы эң ачык-айкындык, тынымсыз жаңылануу, ачык атаандаштык Казакстанда демократиялык коомду курууга оң жагына гана таасирин тийгизери талашсыз.