Президент Садыр Жапаров армияны күчтөө менен өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдеди. Бул тууралуу мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ЭлТР каналына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун командасы бийликке келгенге чейин кыргыз армиясы тапанча дагы сатып алган эмес.

“Мен эки ирет коргоо министри болдум. Эксперт катары белгилеп кетейин, президент Садыр Жапаров башында турган команда бийлик башына келгенге чейин армия үчүн тапанча дагы сатып алчу эмеспиз. Мамлекет башына Садыр Жапаров келгенден кийин ал армияда олуттуу өзгөртүүлөрдү баштады. Ошентип, сокку уруучу “Байрактар” учкучсуз учактары, ар түрдүү ок-дарылар жана аскер техникалары сатып алынды”, — деди ал.

Өмүралиев сөзүн улай эгер армияга алдын ала даярдык жана техника болбосо, түз агрессия учурунда Кыргызстан кыйынчылыкка дуушар болмок деп белгиледи.

“Эгер Садыр Жапаров аскер техникаларын сатып албаса, бизге кыйын болмок. Президенттин командасынын даярдыгынын аркасында биз Тажикстандын агрессиясынын мизин кайтарып, аларды чек арадан сүрүп чыгара алдык”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.