Адаттагыдай эле, бир аз киришүү талдоосун берип, «потенциалдуу инвестордун көз алдында Казакстан кандай?» деген суроого жооп беребиз.

Казакстан табигый кендерге бай өлкө. Марганецтин запасы боюнча дүйнөдө 3-орун, жездин запасы боюнча  дүйнөдө 5-орунда,  көмүр, темир жана алтын запасы боюнча дүйнөдө ондукка кирген.

Казакстан Европа менен Азиянын ортосун байланыштырып турган көпүрө.   Ал эми өзгөртүлгөн вариантта  Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгесин эске албаганда, Евразиянын чыгышын жана түндүк-чыгышын Африка менен байланыштырат. 1 миллиард кишилик жалпы керектөө рыногуна түз кургактык, аба, жада калса деңиз жолдору аркылуу байланышат.

Мисалы, Казакстандын транспорттук ролунун пайдалуулугун карап көрсөк,  Кытай менен Европанын ортосундагы бардык транзиттик кургактык ташуулардын 70% өлкөнүн үлүшүнө туура келгени дагы ачык далилдейт. Анын үстүнө, эң кызыгы бул жол деңиздикине салыштырмалуу 3 эсе ылдамыраак.

Өлкөдө 77ден ашык өлкөнүн жарандары, анын ичинде ОЭСРдин бардык өлкөлөрү үчүн визасыз режим бар. Үстүбүздөгү жылдын июль айында бул тизмеге Кытай, Индия жана Иран кошулган.

Дүйнөлүк инвестициялык рейтингдерге карап көрсөк, DoingBusiness-2020 Казакстандын миноритардык инвесторлордун укуктарын коргоо жана келишимдерди сактоо критерийлерине баа берип,  25-орунга койгон.

Ал эми DiIntelligence отчетунда бул Борбор Азия өлкөсү “2018–2019-жылдары өндүрүш объектилерин келечекте жайгаштыруу үчүн чыгымдардын натыйжалуулугу” боюнча биринчи орунду алды.

ЮНКТАДдын маалыматы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнө салынган  инвестициянын дээрлик 60% Казакстандын үлүшүнө туура келет.

Кошумчалай кетсек, ЭКСПО 2017 эл аралык уюмдардын катышуусу менен көргөзмөсүнөн кийин  Казакстан «англис укугу»  режими менен иштеген көз карандысыз соттор институту бар Эл аралык арбитраждык борбору  бар  тараптардын кызыкчылыгын жана укуктарын  коргогон  каржы борборуна ээ болду.

Бул жерде бизнеске  50 жылга чейинки салык жеңилдиктери, жөнөкөйлөштүрүлгөн валюталык, визалык жана эмгек режимдери каралып, кыскасы баардык шарттар түзүлгөн.

Албетте, өлкөнүн өзүндө саясий жана экономикалык туруктуулук болбосо, жогоруда айтылган көптөгөн ачык-айкын кадамдарды  жокко чыгарууга болот.

Андыктан Казакстан ар дайым саясий тен салмактуулукту камсыздап келет.

Бир-эки жуманын ичинде өлкөдө дүйнөлүк диндердин лидерлеринин  VII конгресси өтмөкчү, ага Жогорку Понтифик Франциск I дин  катышуусуу күтүлүүдө.

Казакстан өзүнүн жаңы тарыхында экономикасын жылдан-жылга модернизациялап  жана диверсификациялап жатат. Эгерде СССР тарагандан кийин  биринчи кезекте  пайдалуу кендерди өнөр жайларды иштетүү керек болсо,  азыр тамак-аш өнөр жайы жана агробизнес, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары  сыяктуу көптөгөн ар түрдүү тармактарга артыкчылыктар  берилип жатат.

Акыркы жылдардагы реформалар бизнести каттоону  бир топ жөнөкөйлөштүрдү. Мисалы, Казакстанда ишкана ачууга болгону 1 күн, мүлктү каттоого 3 гана күн кетет.

2021-жылы өлкөдө негизги капиталга инвестициянын рекорддук көлөмү, тагыраак айтсак, мурдагы жылы  – 13,2 триллион теңге  катталган, бул пандемияга чейинки 2019-жылга салыштырмалуу 700 миллиард долларга көп.

Ал ортодо  бул мамлекетте  инвесторлорду ар кандай салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошоткон 13 атайын экономикалык аймак жана 24 өнөр жай аймагы бар.

Учурда Казакстанга салынган  жигердүү инвестициялык долбоорлордун санын жана аларды ишке ашырып жаткан өлкөлөрдү карасак:  Кытай 34  долбоорго, Түркия 32, Орусия 20, АКШ жана Швейцария 8, Нидерландия, Түштүк Корея, БАЭ, Германия жана Франция 6-7 инвестиция салган.

Баарыбызга белгилуу болгондой,  инвесторлор үчүн негизги тоскоолдук – бул өз ара түшүнүшүүнүн жоктугу.  Ал эми Казакстан тууралуу айта турган болсок, бул мамлекет  жалпысынан инвесторлор үчүн  ачык  айкын саясат жүргүзөт жана ишкерлер менен   кызматташууга дайыма даяр.