Душмандардын капилет кол салуусунан улам  62 эр-азаматыбыз, мекенчил жарандарыбыз окко учуп, кыргыз эли кан жутуп турганда өзүбүздүн эле  «Абыке-Көбөштөр» акырын баш көтөрүп, былгып жаткан арам ойлорун орундатууга киришти окшойт.

Дегеним, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, элдин, өлкөнүн казынасын тоноп, өкүртө байлык топтогон Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова сыяктуу жоон топ саясатчылардан куралган «Бириккен демократиялык кыймыл» бүгүн УКМК башчысы Ташиевдин отставкасын талап кылып чыгышты. Анын себеби Баткендеги окуя имиш.

Иш жүзүндө ошол оор күндөрдү «БДК»чылар элге жардам бермек түгүл, көчөгө чыккандан коркуп, үйлөрүнөн чыкпай, аялдарынын көйнөгүнө жашынып жатканда алар жамандап жаткан Ташиев жанын тобокелге салып коюп, ок аралап, колго түшкөн кыргыз жарандарын, аскерлерди куткарып, тынчтык орнотуу үчүн чуркап жүрбөдүбү. Муну «ичтен чыккан ийри жыландар» көрбөгөнү менен, карапайым эл, кан жуткан Баткендиктер баарыбыздан жакшы билет. Андыктан «БДК»чылар жөн эле элди келесоо ойлоп, өздөрүнүн арам ойлорун орундатып, эптеп эле бийликти алууну көздөбөй арыдан бери болсо жарашмак.