Бүгүн, 28-сентябрда айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

 Чүй облусунда күндүз 17…22,

Таласта 15…20, Ысык-Көл облусунда күндүз 15…20, Нарын 16…21 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда күндүз 21…26 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы күндүз 20…22 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.