Бишкек шаарында Россиянын аймагынан уурдалган кымбат баалуу унаалар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгына ыкчам маалымат келип түшкөн, анда Кыргызстан, Беларусь жана Тажикстандын уюшкан топ адамдары Россиянын аймагынан уурдалган кымбат баалуу унааларды сатуу максатында айдап кетип жатканы билдирилген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси («Транспорт каражатынын идентификациялык номеринин жасалмасын жасоо, жок кылуу») менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ошентип, тергөө ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан 2020-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Тойота RAV4» үлгүсүндөгү кыргыз номурлуу унаа кармалган.

Ошондой эле алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде ыкчам тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 2021-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Хундай Санта-Фе» үлгүсүндөгү орус номурлуу эки унаа табылып, алынган.

«КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, кармалган унаалардын кузовунун номерлери колго жасоо ыкмасы менен өзгөртүлүп, идентификациялык номердин позициялык белгилери үзгүлтүккө учураган, ошондой эле даярдоочу завод тарабынан алгачкы жазылган кузов номерлери аныкталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында белгиленген кузов номерлери Россиянын аймагынан уурдалып, издөөдө жүргөн унаа экени белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда РФ Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте ушул сыяктуу фактыларды аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам-издөө жана комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.