Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында милиция кызматкерлеринин өмүрлүк жолдошторуна «Офицердин жубайы» медалдары тапшырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай ардактуу сыйлыктарды тапшыруу аземин облустук милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаев өткөрдү.

«Биздин турмушубузда аялдардын өзгөчө категориясы бар — бул офицерлердин жубайлары. Анткени мекенди коргогон кесиптен тышкары, мекенди коргогон адамды урматтай турган, күтө билген кесип да бар эмеспи.

Сени үйдө чыдамсыздык менен күтүп, сага сарсана болгон адам бар экенине болгон сезим, милиция кызматкерлерине, аскер жоокерлерине кыйынчылыктарды жеңүүгө, максаттарына жетүү үчүн чоң күч-кубат берет», — деди ал.

Ардагерлер кеңешинин төрагасы ошондой эле медалдын жаралуу тарыхына токтолуп, медалдагы ар бир белгиси эмнени билдирерин кыскача айтып берди.

«Бул өзгөчө медаль. Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн бүткүл мезгилинде ишенимдүү таянычы болуп, үй-бүлө очогунун бакубаттуулугун жана тынчтыгын камсыз кылган офицерлердин жубайынын зор эмгегин терең урматтоонун жана таануунун белгиси. Оор турмуштук кырдаалдарда ишенимдүү тирек болуу сапаты да офицерлердин жубайларына таандык. Баарыңарга эң оор күндөрдө, кесиптештерибизге сүйүктүү жары болгонуңуздар үчүн рахмат», — деди ал.

Офицерлердин очогунун сакчыларын сыйлоо аземине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арсен Самаев катышты.