Шаардыктар баасы 100, 200 сомдон жана андан жогору болгон таксилерге альтернатива ойлоп табууну суранууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, көп сандаган өтүнүчтөргө байланыштуу VIP маршруткалар боюнча нормативдик-укуктук акт иштелүүдө.

“Жол кире баасы 40 сомдон 50 сомго чейин болот. Маршруттук таксиде ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Мисалга, жайында ысык болбошу үчүн салон кондиционер менен болот, телевизор орнотулат. Ошондой эле айдоочу атайын форма киет. Эң негизгиси маршруттук таксиде орундуктар гана толот. Турган жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат, эгерде андай боло турган болсо келишим бузулат», — деди ал.