Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталган. Алсак, Сузак районунун 1994-жылы туулган Э.К. аттуу тургуну Базар-Коргон районунун 2005-жылы туулган жашы жете элек К.Х. менен баш кошкон. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. окуган.

Билдирүүдө Э.К. Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна айтылат.

Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы В.К., жолдошу Э.К. жана нике окуган дин кызматкери И.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.

Учурда кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.