«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда комиссиялар электр тармактары ишканаларынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Энергетика министрлигинин, Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын, Улуттук энергохолдингдин өкүлдөрүнөн жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук аппаратынын кызматтарынын техникалык адистеринен турган комиссия жерине барып, күз-кыш мезгилине карата электр тармактары ишканаларынын объекттерин текшерүүнү баштады.

Бекитилген программага ылайык, комиссия капиталдык жана учурдук оңдоо иштери каралган энергетикалык объекттерди, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча пландаштырылган иш-чараларынын өз убагында аткарылышын, көлөмүн жана сапатын баалашат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана тийиштүү актылардын түзүлүшү боюнча «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдарына күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы тууралуу паспорт берүү жөнүндө чечимдер кабыл алынат.

Маалымат үчүн: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК – өлкө боюнча электр энергиясын турак жайларга жана ири өнөр жай керектөөчүлөрүнө жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания. Ошондой эле Кыргызстандын улуттук энергетикалык тутумунун борборлошкон ыкчам-диспетчердик башкаруусун ишке ашыруучу тутумдук оператор. Республиканын ар бир облусунда компаниянын 7 электр тармактары ишканалары бар.