Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар Тажикистандын Кыргызстанга кол салуусуна байланыштуу БУУ, ЖККУ жана башка эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоону чечишти.

Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, депутаттар кайрылууда болуп өткөн окуяларга өз бааларын беришти.

«Биз Тажикстан тараптан Кыргызстанга каршы агрессия болгондугун белгиледик. Оор техникалар колдонулуп, бардык аскердик аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн. Бул жакшы коңшулаштыкка туура келбейт. Эл аралык уюмдардан укуктук баасын берип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранабыз», — деди ал.