Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун 1-октябрь Карылардын эл аралык күнүнө арналган куттуктоосу:
«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, кадырман ардагерлер!
Сиздерди бүгүнкү Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз эли кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келген эл.
Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.
Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.
Жашоого келгенден соң ар бир адам ар кандай тагдырга туш болот, Сиздер эч качан муңайбаңыздар, жашоонун өзү күрөш. Дайыма эрктүү болуп, күжүрмөн кайрат менен өмүр сүрүңүздөр. Кийинки муунга үлгү болуп, акыл-насаатыңыздарды айтып бар болуңуздар!
Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап келгениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Сиздерди Ош шаарынын мэриясы ар дайым камкордукка алып, колдоого милдеттүүбүз.
Сиздерге чың ден соолук, бактылуу жашоо, дөөлөттүү карылык каалайм».