Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү карата куттуктоосу:
«Кадырлуу карылар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Эзелтен кыргыз эли карыны кадырлап, акыл казынасы, кеп кенчи катары урматташкан. Анткени, ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечекчен энелер төрдүн көркү, журттун сыймыгы болушкан. Ушундан улам “Карысы бардын – ырысы бар” – деп, ынтымак менен береке кары адам жашаган үйдө экенине ынанышкан. Эч ким улгайган ата-энесин таштамак түгүл, улагага олтургузган эмес. Астынан кыя өтүү адатка тыш жорук катары саналган. Андыктан, мына ушундай жазылбаган наркыбызды улантуу ар бирибиздин асыл милдетибиз.
Ардактуу мекендештер!
Карыларга кам көрүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени талашсыз чындык. Алсак, Президентибиздин жеке тапшырмасы менен 1-октябрдан тарта пенсия өлчөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынды. Жогорку Кеңеш да өз ыйгарым укуктарынын алкагында карыларга багытталган бардык сунуштар-демилгелерди колдоп келет. Бул албетте чек эмес. Биз үчүн түн уйкусун он бөлүп, каруусун казык, жанын азык кылган ата-энелерибиз чексиз камкордукка татыктуу.
Кымбатуу ак сакалчан аталар, ак жоолукчан апалар!
Сиздер бар үйүбүз толук, төрүбүз көрктүү. Анткени силер өткөн менен келечектин көпүрөсү эле эмес, эгемен мамлекетибиздин түндүгүн көтөргөн түркүксүздөр. Берген ак батаңар, айткан акыл-кеңешиңер менен өлкөбүз өргө өйдөлөй берет деген ишеничтебиз.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Бекем ден-соолук, дөөлөттүү карылык тилейм!».