1-октябрь, Дүйнө жүзү боюнча карылар күнү белгиленип, улуу муунга таазим этип келишет.

Бул күнү Ички иштер министрлиги да четте калбай,  Кадрлар башкы башкармалыгынын жетекчиси Алишер Барпиев Ички иштер органдарынын ардагерлери Рахматулла Абдразаковду, Владлен Челюбеевди жана Светлана Батиенкону майрамы менен куттуктады.

Бул майрамдык дата улуу муунга жаш курагын эскертүү эмес, улгайган адамдарга өзгөчө мамиле жасоого, аларга камкордукту жана колдоону билдирүү үчүн дагы бир себеп болуп саналат.

Улгайган адамдардын күнүнө карата иш-чаралар жыл сайын ички иштер органдарынын кызматкерлери ардагерлерге сый-урмат, көңүл буруу жана ыраазычылыгын билдирип келет.

Бул майрам муундардын биримдигинин жана мезгилдин үзгүлтүксүз байланышынын символу. КР Ички иштер министрлигинин жетекчилиги бардык ардагерлерге чын ден-соолук, бакыт-таалай жана узак өмүр каалайт.

Ардагерлер жана алардын туугандары меймандарды ыраазычылык менен кабыл алышып, милицияда кызмат өтөгөн күндөрүнүн кызыктуу учурларын айтып беришти.

Жалпысынан КР ИИМдин борбордук аппаратынын 72 ардагерине майрамдын урматына 3 миң сомдон материалдык жардам жана ар бирине азык-түлүк салынган баштыктар тапшырылды.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы