Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына «К» аттуу жаран Ысык-Көл жана Нарын аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Атайын-тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылында Нарын облусунун Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну К.К. 1978-жылы туулган жаранынын башкаруусунда «Мазда-323» автомашинасы токтотулуп, багаж бөлүмүнүн ичинде төрт баштык баңги каражаты табылып, алынган.

Бул факт боюнча БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери 1978-жылы туулган Нарын облусунун Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну К.К. атту жаранды кармашкан.

Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 20 кг. 218 гр. түзгөн “марихуана” баңгизат каражаты болгон.

Азыркы учурда, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы