Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин 640 үй оңдоого муктаж. Бул тууралуу КР Медиа штабы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бардык үйлөр оңдолуп, кайра курулат.

423 үй жашоого жараксыз, 217 үй оңдоого муктаж. Ошондой эле 11 административдик-стратегиялык объект, 27 социалдык имарат, 335 чарбалык курулуш, 197 кампа, 61 автоунаа жана бир көпүрө жабыркаган.

«Баткен району боюнча жашоого жараксыз 160 үй сүрдүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 237 кызматкер, жергиликтүү бийликтен 41 атайын техника жана 26 техника тартылды», — деп билдирет штаб.

Эске салсак, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. 198 адам жабыркап, 62 адам каза болду Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.