Бишкек менен Оштун аэропорттору 49 жылга ижарага берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Буга чейин депутат Шайлообек Атазов Бишкек жана Оштун аэропортторун ижарага берүүнү каалап жатканын билдирген.

Анын айтымында, Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен Экономика жана соода министрлигинин ортосунда келишим бар.

«Аэропорттор ижарага берилген деген маалымат туура эмес. Ошол эле учурда инвестициялык сунуштар да бар. Сунуштар Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Россия Федерациясы тарабынан айтылды. Ар бир сунуш жумушчу топ тарабынан каралат, алар өз чечимин жарыялашат”, — дейт Мирлан Бакиров.