Ак-Суу районуна алгачкы жолу жүндөн жер семирткич жасоочу жана жүндү кайра иштетүүчү ишкана курулууда. Жаш ишкер айым Европа өлкөлөрүнүн жүндү иштетүүдөгү тажрыйбасын көрүп, Кыргызстанга ишкана ачууну көздөгөн. Ал 2022-жылы долбоор жазып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүу фондусуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан долбоор жактырылып, 14 млн сом пайызсыз насыя бөлүү чечимин кабыл алган.
Учурда 5 млн сом каражат Фонд тарабынан бөлүнүп берилди. Ишкердин айтымында койдун жүнүн иштетүү тармагын кайрадан жандандыруу зарыл. Себеби бул тармак экономикалык жана экологиялык жактан алып караганда өлкө үчүн өтө чон пайда алып келе алат.
Алсак бүгүнкү күндө малчылар койдун жүнүн сата алышпай жөн гана ыргытып жеберүүгө мажбур болушат. Ал эми кайра иштетүүчү ишканалар ачылса жүндү өткөрүп киреше табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле, 20 ашык жаны жумуш орундары түзүлмөкчү.
Болочоктогу ишканадан өндүрүлгөн жер семирткичтер Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга экспортолмокчу.