Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда самын чыгаруучу кичи ишкана ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, Базар-Коргон районунун тургуну Айгүл Жуманазарова Эмгек министрлигинен жөлөк пул алганына карабай, акыркы эки жыл бою өзүнүн кичи бизнесин баштоого аракет кылып, самын чыгаруу боюнча окуп келген.

“Тилекке каршы ишин баштоого Айгүл Жуманазарованын шарты болгон эмес. Ал «Социалдык контракт» долбоорунун башталышын угуп, ага катышып, 100 миң сом алып, азыркы учурда күнүнө 1 миң самын чыгаруучу өндүрүштү ачты”, — деп белгилешти министрликтен.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунан 50 үй-бүлө 100 миң сомдук сертификатка ээ болуп, өз ишин баштоого мүмкүнчүлүк алды.

Эскерте кетсек, «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча аз камсыз болгон 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачууга каралган.

Белгилей кетсек, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку кайтарымсыз каражаттарды берүү президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашууда.