Кымбаттуу кесиптештер! Урматтуу кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Сиздерди Кылмыш иликтөө кызматынын 104 жылдык маареке майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Кылмыш иликтөө кызматынын басып өткөн кылымдык жолу тынымсыз күрөштөргө, кандуу кармаштарга толгон, оор болсо да, татаал болсо да жеңиштүү жана  жемиштүү, сыймыктуу жол болду. Кылмыш иликтөө кызматы мезгилдин катаал сыноолорунан ийгиликтүү өтүп, зор тажрыйба топтоду.

Бүгүнкү кылмыш иликтөө кызматы  кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү алдыңкы бирдиктүү команда, ал кандай гана кырдаал болбосун, бардык тапшырмаларды абийирдүүлүк менен аткара алышат. Алар ар бир жарандын коопсуздугун, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат. Кылмыш иликтөө кызматынын эр жүрөк кызматкерлери каардуу кармаштарда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болушту. Алардын аты түбөлүккө өчпөс болуп ар бирибиздин жүрөгүбүздө бекем сакталат. Биз алардын эрдигин унутпайбыз! Аларга түбөлүк таазим жана урмат!

Урматтуу кесиптештер! Мен ушул жерден өзгөчө басым жасап айтып кете турган дагы бир маанилүү маселе бар. Кылмыш иликтөө кызматында көп жылдар бою иштеген, кесипкөй, акылман, жигердүү, жаштыгын милицияга арнаган эр азаматтарыбыз мамлекеттик башкаруу системасында өздөрүнүн мыкты уюштургуч экендигин көрсөтүп иштеп жаткан кесиптештеримди да өзгөчө белгилегим келет.

Алар айыл өкмөттөрүн башкарып келүүдө, Акимдик жана Губернаторлук кызматтарды абийирдүүлүк менен аркалашкан, айылдык, райондук, шаардык, областтык жана Жогорку Кеңештин абройлуу, эл сыйлаган, биз сыйлаган депутаттары, Мамлекеттик Жогорку аткаруу бийлигинде, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында, дене-тарбия жана спорттун ар кандай багыттагы Федерацияларында, Эл аралык уюмдарда жетекчилик кылып келишет.

Кылмыш иликтөө кызматында иштеп генералдык наамга  жеткен кыргыз милициясынын сыймыгы болгон Кыргызстандын уулдары мамлекеттик кайсы гана аткаруу бийлигинде болбосун жогорку чеберчиликте иштеп келүүдө, ошондой эле бизнестин да түркүн түрүн өздөштүргөн азаматтар абдан көп. Кылмыш иликтөө кызматынан чыккан кыйын азаматтарыбыздын саны миңден саналаарын да сыймыктануу менен баса белгилегим келет.

Ардактуу кесиптештер! Кылмыш иликтөө кызматынын  ардагерлери жана учурдагы күжүрмөн курамы Сиздерди дагы бир жолу 104 жылдык маареке майрамыңыздар менен куттуктап, бардыгыңыздарга ишиңиздерде ийгилик, турмушта бакыт, жашоодо бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөрдө ырыс-ынтымак жана ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсун. Бар болуңуздар! Аман болуңуздар! Майрамыныздар кут болсун!

ИИМдин Басма сөз кызматы