Баткен элине жардам катары чогултулуп жаткан атайын эсепке 311 927 920 сом түшкөнүн Финансы министрлиги билдирди.

«Бул — Кыргызстандын жарандарынан жана ыктыярчылардан түшкөн каражат», — деп жазылат билдирмеде.

Маалымат 3-октябрдын саат 12:00үнө карата алынган.

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин талкаланган Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү. Учурда чек арадагы чырдан талкаланган турак жайлардын орду тазаланып, жаңы курулушка даярдык көрүлүүдө. Буга чейин Баткен облусу боюнча 618 турак жай талкаланганы маалымдалган. Анын 453ү кайра курулса, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы үйлөрдү 2-3 айдын ичинде салып бүтүү тапшырмасын берген. Ага чейин жергиликтүү тургундар мектептерде жашап турушат. Ошондой эле аларга убактылуу баш калкалап туруу үчүн жылууланган чатырлар тигиле баштады.

Чек арадагы кагылышуудан 62 адам көз жумуп, 200гө чукулу жарадар болгон.