Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар маселелерди талкуулашты.

Украинадагы кырдаал боюнча министр Кулубаев Украинада тынчтыкты жана туруктуурукту тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул кризисти эл аралык укуктун таанылган принциптери жана нормаларынын алкагында тынчтык, саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча Кыргызстандын өзгөрүүсүз позициясын белгиледи.