ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы түзүлгөндүгүнүн 104 жылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу ИИМдин жетекчилиги Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бир катар кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.


Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өздүк курамын куттуктап, Башкы башкармалыкка инсанга жана менчикке каршы жалпы жааттагы кылмыштарды алдын алуу жана ачуу, уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча маанилүү милдеттер жүктөлгөнүн белгиледи.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы ИИМдин тутумундагы алдыңкы кызматтардын бири болуп саналат, ал кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жалпы ишине баа жеткис салым кошуп келет.
Башкы башкармалыктын өзүнүн калыптануусунда жана өркүндөө чоң жолунда, кылмыш иликтөө бөлүмдөрү бардык этаптарда жарандардын укугуна каршы кол салуулардан коргоо боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткарып келишет.

ИИМдин Басма сөз кызматы