Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору уюштуруп жаткан эскерүү иш-чарасы эртең, 6-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт.

Эскерүү кечеге коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, театр жана кино жаатындагы кесиптештери катышат.

Эске сала кетсек, Мар Байжиев 2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

М.Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Ал коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.