Бишкек мэриясы шаардыктарга күзгү көчөт отургузуу боюнча бир катар кеңештерди берди.

Муниципалитеттен белгилешкендей, күз — отургузуу үчүн абдан ыңгайлуу мезгил, анткени өсүмдүктөр жаан-чачындуу күз мезгилинде жакшы кабыл алынат.

Мындан тышкары, күзүндө отургузуу мезгили жазга караганда бир топ узак жана күзүндө бардык бак-дарактарды жана бадалдарды отургузууга болот.

Бирок, бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл:

  • Отургузууга ылайыктуу атайын чуңкур казып даярдоо керек;
  • Чуңкурдун түбүнө жер семирткитерди куюп койсо болот;
  • Көчөттүн жанына бекемдеш үчүн казык орнотуп койсо болот;
  • Отургузууда көчөттүн тамыр моюнчасынын бийиктигин көзөмөлдөйбүз. (Тамырлар ачыкка чыкпоо керек );
  • Жерди атайын бут менен таптап, суу жакшы сакталыш үчүн атайын каша жасап жана 2-3 чака суу куюу керек.

Биринчи кам көрүү: Отургузулгандан кийин топурактын нымдуулугун көзөмөлдөө керек. Биринчи айда жаш даракты 10 күндө 2-3 чака менен сугарып туруу максатка ылайык.

Күзгү көчөттү октябрь айынын ортосунан ноябрдын аягына чейин отургузууга болот.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы менен макулдашуудан кийин өз көчөттөрдү отургузууга болот.