Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 миллион доллар каражат берүүгө ниеттенип жатат. Бул туурасында Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель ван Троценбург Бишкек экономикалык форумунда билдиргенин Финансы министрлиги маалымдады.

Ал өлкөгө колдоо алкактык программага ылайык көрсөтүлөрүн айткан.

«Кыргызстан COVID-19 кризисин баштан кечирди. Ал эми акыркы окуялардан келип чыккан экономикалык кесепеттерден жапа чегип жатат. Тактап айтканда, өлкөдө инфляция жогорку деңгээлди көрсөттү. Ошондуктан биз бүгүн Кыргызстанды калыбына келтирүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу үчүн келдик», — деп айткан Троценбург.

Аны менен катар Дүйнөлүк банк 30 жылдын аралыгында Кыргызстанга 2,7 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөнүн белгилеген.