2022-жылдын январь-сентябрь айларында пенсияга 40 млрд 564,5 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

— Бишкек шаары — 6 млрд 622,8 млн сом;

— Чүй облусу — 6 млрд 181,8 млн сом;

— Нарын облусу — 2 млрд 883,2 млн сом;

— Ысык-Көл облусу — 3 млрд 711,9 млн сом;

— Талас облусу — 1 млрд 693,1 млн сом;

— Ош шаары — 1 млрд 466,5 млн сом;

— Ош облусу — 7 млрд 497,2 млн сом;

— Баткен облусу — 3 млрд 469 млн сом;

— Жалал-Абад облусу — 7 млрд 039 млн сом.

Соцфонддон кошумчалашкандай, пенсиялардын каржылануусу 2022-жылдын сентябрында 4 млрд 485,6 млн сомду түздү.