«Элдик» көзөмөл коомдук бирикмесинин төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, төраганын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

«Кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Ал бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан. Ошол эле учурда анын беделине шек келтирген жүйө менен судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга президенттин администрациясында болгон байланыштар аркылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Кармалган жаран алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында К.Т. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.

Белгилей кетсек, аталган жарандарга мурда «зордуктоо» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.