Ыңгайы келсе эле элге кайрылуу жасап, бийликке сын айтып турууну жакшы көргөн мурдагы президент А. Атамбаев 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу кезектеги кайрылуусун жарыялады.

 Бийликке болушунча сынын айтыптыр. Сынында президент С. Жапаровдун ишмердигин сынга алып, 2 жылдын ичинде эч нерсе болбой атканын, коррупция гүлдөп, бийликтер туура эмес бөлүштүрүлүп калганын, реформалар жүрбөй атканын, куралдуу күчтөрдү реформалоодо иштер болбогонун саймедирептир. АШАнын жазганын окуп отурсаң, өлкөдө дегеле эч кандай иштер кылынбай аткан болот. Албетте, буга бир чети таң калуунун деле кереги жок. АША өзүнөн башкалардын иштерин дегеле көргүсү келбейт, дайыма өзүн гана мыкты президент, Кыргызстанды өнүгүү жолуна салган өлкө башчысы деп эсептейт.

Ал качан калыс сөзүн айтып, өзүнөн башкалардын иштеринин жакшы жактарын көргөндү үйрөнөт? Болбосо, эмнеге коррупция менен күрөшүүдө чоң иштер жүргүзүлүп, миллиарддаган сомдор казынага кайтарылып жатканын айтпайт? Өзү башкарган учурда коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөп, өлкөнүн карызга белчесинен батканы эсибизде. Эмнеге бюджеттин акчасына алгачкы жолу курал-жарактар сатылып алынып, кыргыз армиясына өзгөчө көңүл бурула баштаганын айтпайт? Эмнеге мугалим, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин маяналары кескин көбөйгөнү жөнүндө калыстык үчүн ооз ачып койбойт? Жүздөгөн социалдык обьекттер,  жүздөгөн чакырым жолдор салынып атканын неге айтпайт? Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылганы боюнча эмнеге ооз ачпайт? Эгерде мурдагы президент А. Атамбаев калыс болсо, 2 жыл ичиндеги  белгилеп айтчу жакшы иштер,  жетишкендиктер жетишерлик. Бирок аларды көрсө да, билсе да эч качан айтпайт. Анткени, анын ишениминде Кыргызстанда өзүнөн башка мыкты президент болбойт.

АШАнын  кайрылуусунан  абакта жатканына нааразылыгын, досу С. Жээнбековдун камалбай эркин жүргөнүнө да кыжырын байкоого болот. Досун бийликке алып келген ким? Өзү. Өзү кимдин убагында камалды? Досунун убагында. Демек, абакта жатканына өзү гана күнөөлүү. Ага бүгүнкү президенттин кандай тийешеси бар? Өзүнүн камакта жатканын, досунун резиденцияда жашап жүргөнүн С. Жапаровго байланыштыруунун өзү туура эмес.

Баарынан да АШАнын тажиктердин кол салуусуна кыргыз бийлигин күнөөлөгөнүнө жол болсун! Чек ара аймактарындагы кагылышууларга дайыма тажиктер себепчи болорун, биринчи ок чыгарып, кол салышарын эң жакшы билет. Бирок ага карабай калыс сөзүн айткан жок. Тажиктердин баскынчылыгын айыптап, чек ара маселесинде улуттук кызыкчылыктар корголуп, бир метр жер үчүн да бекем турушубуз керектигин айтса, ыраазы болуп калбайт белек.  Аргасыздан орустардын «горбатого могила исправит» деген сөзү эске келет.