Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын мамлекеттик символдору болгон туу, герб жана гимнди алмаштыруу керектигин билдирди.

Эл өкүлү желектин түсүн жана гимндин сөздөрүн өзгөртүү керектигин айтып, бул түс СССР учурунда тандалган деп эсептейт.

«Жаңы бийлик келди, жаңылануу келди. Парламенттин төрагасы да алмашты. Эми биз жаңы турмушту баштап, туура кадамга өтсөк. Символдор боюнча айтсак, азыркы гербибиз жөн эле татынакай сүрөт. Тарыхка кайрылсак биздин өзүбүздүн эн тамгаларыбыз бар. Анын ичинен татыктуусу — Манас атабыздын эн тамагасы. Ал боюнча мыйзам даярдап жатабыз, жакында сунушталат. Кыргызстандын азыркы желегин Советтик парламент — Советтер бирлигинин кызыл желегин — кабыл алып берген. Нукура кыргыз элибиздин желеги көк түстө болгон. Улуу кыргыз элинин желеги — Манастын көк асабасы. Бул жөнүндө мыйзамды жакында алып чыгабыз. Кийинки  сөз гимн тууралуу. Кыргыз элинде гимнге татыктуу жакшы обондор бар. Мисалы «Кыргыз жери» деген. Элге сиңген чыгарма. Сөздөрүн автор менен бир аз өзгөртсөк туура болмок», — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Малиев өлкөнүн атын өзгөртүүнү сунуштаган. Ал сунуштаган варианттар — Кыргыз Эли, Кыргыз каганаттары, Кыргызжер деп аталган.