Жогорку Кеңеште жаңы “Мекенчил” тобу түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бир мандат менен шайланып келген депутаттар бөлүнүп чыккан.

“Биз “Мекенчил” деген топ түздүк. Азыр 14 депутат кирди. Муну спикер келгенде айтайын дедим эле, Жамиля Кубанычбековна. Биздин топко катчылык түзүп, камсыздап бериңиз ”, — деди ал.